7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Жарасул Абдураимовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

20

“Кыргызиндустриянын” мурдагы жетекчиси Жарасул Абдураимов 6-октябрда дүйнө салды. Бүгүн Бишкекте аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Жарасул Абдураимов 1960-жылы 23-февралда Ош облусундагы Алай районунун Гүлчө айылында туулган. Үй-бүлөлүү. Бир уул, эки кыздын атасы.

Билими:

1968-1976 — Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы мектеп-интернатта тарбияланган;
1976-1984 — Кара-Кулжа районундагы №1 мектепте билим алган;
1979-1984 — Екатеринбург шаарындагы Урал политехникалык институтунда окуган;

Иш тажрыйбасы:

1984-1990 — СССРдин 50 жылдыгы атындагы заводдо ар кандай кызматты аркалаган;
1993-1996 — «Дастан» ААКтын президенти;
1996-1999 — «Jarasul» ЖЧКсынын башкы директору;
1999-2000 — «Жанар» ишканасынын президенти;
2000-2007 — Жалал-Абаддагы Таш-Көмүр шаарындагы «Кристалл» ишканасынын башкы директору. Андан кийин Нанотехнология институтунун ректору;
2009-2010 — Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин техникалык жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы;
2011 — Мини футбол федерациясынын президенти;
2013-2015 — Кыргыз-орус «Munai ExIm» ЖЧКсынын директору. «Кумтөр Голд Компани» ЖЧКсында жергиликтүү камсыздоону өнүктүрүү боюнча директордун орун басары, «Ысык-Көл облусунда жумуш орундарды түзүү жана өнөр жайды өнүктүрүү» долбоорунун жетекчиси;
2016 — Машина куруучу JONWAI Machinery Works Co., Ltd заводунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;
2018 — биринчи вице-премьердин инвестиция тартуу жана өнөр жай маселелери боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси;
2019 — Азия өнүктүрүү банкында өнөр жай секторун өнүктүрүү боюнча эксперт. Экономика министринин коомдук башталыштагы өнөр жай боюнча кеңешчиси;
2020-2021-жылдары өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.
2021-жылдын июль айынан 2022-жылдын январь айына чейин экономика жана коммерция министринин орун басары кызматын аркалаган.

2022-жылдын январында “Кыргызиндустрия” ишканасынын жетекчиси кызматына дайындалган.

2022-жылдын апрелинде «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы болгон.

2023-жылдын соңунда президент Садыр Жапаров Абдураимовго «Өнөр жайга эмгек сиңирген ишмер» деген наам ыйгарган.

7-каналдын жалпы жамааты Жарасул Абдураимовдун бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

21