7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокаттагы уруксаатсыз иштеп жаткан таш майдалоочу ишкана убактылуу токтотулду

160

Ош облусунун Ноокат районунда уруксаатсыз иштеп жаткан таш майдалоочу ишкана убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Ош облустук архитектура башкармалыгынан билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, Бел айылында жергиликтүү тургун тиешелүү уруксат кагаздарын албай туруп, атайын техниканы колдонуп, иштеп жаткан. Андан сырткары, иш жүргүзүлүп жаткан жерди мыйзамсыз ээлеп алышкан.

Башкармалыктын кызматкерлери иш-аракетти токтотуу жөнүндө буйрук чыгарып, техниканы кайтарып алышты.

Министрлик курулуш тармагындагы мыйзам бузууларды аныктоо боюнча текшерүү иштери улантылып, тартип бузгандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылаарын баса белгиледи.

161