7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жаш баланы порнобизнеске тарткан шектүү кармалды

514

Бишкекте порнографиялык сайттарды иштетип, жаш баланы порнобизнеске тартууга шектелген 35 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдирди.

Балдардын сексуалдык зомбулуктарын камтыган материалдарды сактоо жана жайылтуу фактылары ачык түрдө веб-сайтта жана даркнетте аныкталган.

Ошондой эле балдар катышкан порнографиялык мазмундагы сайттар түзүлүп, таратылып жаткан. Сайттарга кирүү үчүн криптовалюта менен төлөп, накталай акча алуу Кыргызстандын жарандарынын катышуусу менен ишке ашып турган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесине (Баланы порнобизнеске тартуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Натыйжада Н.М.Т. аттуу жаран кармалды.

Шектүүнүн жашаган жеринен техникалык жабдуулар, персоналдык компьютерлер жана ага тиешелүү тетиктер табылган. Бир компьютеринен балдар катышкан порнографиялык материалдарды камтыган файлдар да аныкталган.

515