7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандагы тарыхый F1H2O: баш байге дүйнө чемпиону Шон Торрентеге буюрду

230

Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулган UIM F1H2O “Суудагы Формула-1” боюнча дүйнө чемпионатынын Grand Prix of Kyrgyzstan этабы жыйынтыкталды. Баш байгени азыркы дүйнө чемпиону, Victory Team командасынын америкалык пилоту Шон Торренте жеңип алды.

Экинчи орунду швециялык Эрик Старк, ал эми үчүнчү орунду норвегиялык Марит Стрёмой ээледи.

Дүйнө чемпионатынын этабы Ысык-Көл облусунун Бает айылында атайын даярдалган 1 миң 929 метрлик, жети бурулуштан турган трассада өттү. Мелдешке дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн сегиз эл аралык команда жана 18 пилот катышты.

Бул этап деңиз деңгээлинен 1 миң 607 метр бийиктикте өткөндүктөн, F1H2O дүйнө чемпионатынын тарыхындагы эң бийик тоолуу жарыш катары катталды.

Жарыштын жүрүшүндө спортчулар саатына 250 чакырымга чейин ылдамдыкты өнүктүргөн, ал эми 100 чакырым ылдамдыкка үч секундга жетпеген убакытта чыккан жогорку технологиялуу катамарандарда күч сынашты.

231