7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жаш мушкерлер арасында өлкө чемпионаты башталды

86

Бүгүн Бишкекте 2008-2009-жылдары төрөлгөн улан-кыздар арасында бокс боюнча Кыргызстандын биринчилиги башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдешке өлкөнүн бардык аймагынан келген мушкерлер катышууда.

Бокс боюнча биринчилик эл аралык эрежелерге ылайык, балдар арасында 10 салмактык категория боюнча өтүүдө: 50 кг, 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, 80 кг, 85 кг, 90 кг чейин жана 90 кгдан жогору.

Кыздар арасында 9 салмак категориясында 48 кг, 51 кг, 54 кг, 57 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг жана 80 кг чейинки салмак чендеринде беттештер өтөт.

Мелдештер 21-декабрга чейин уланат. Жыйынтыгында жеңүүчү мушкерлерге медаль жана дипломдор тапшырылат.

Белгиленгендей, биринчилик өткөрүүнүн негизги максаты мыкты мушкерлерди тандап алуу, өлкөнүн улуттук курама командасын түзүү, боксту өнүктүрүү жана жаштар арасында спорттун бул түрүнүн популярдуулугун арттыруу болуп саналат.

87