7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жашылчалардын баасы төмөндөдү

338

Бишкектеги дүкөндөрдө жашылчалардын баасы арзандаганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка карай, азык-түлүктун баалары жума сайын салыштырылып, мониторинг жүргүзүлүп турат.

Мониторингдин жыйынтыгында, 14-августуна карата азык-түлүк түрлөрүнүн баалары ушул эле жылдын 5-августуна салыштырмалуу төмөндөгөндүгү байкалууда. Айрыкча жашылчалардын баасы кескин арзандады.

Негизги азык-түлүктөрдүн бааларындагы өзгөрүүлөр сом жана пайыздык көрсөткүч менен сабиз — 49 сом, 15,5%га арзандады (мурун 58 сом), пияз — 43 сом, 4,4%га арзандады (мурун 45 сом), картөшкө — 45 сом, 8,0%га арзандады (мурун 49 сом), капуста — 27 сом, 10,0%га арзандады (мурун 30 сом).

Баалардын динамикасын мониторинг жүргүзүү үзгүлтүксүз улантылат.

339