Бүгүн, 1-мартта Бишкекте Юнусалиев жана Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус жана Honda Fitавтоунаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын 2002-жылы туулган К.А. жана 2001-жылы туулган У.И. аттуу эки жүргүнчүсү жабыркаган.
Алдын ала маалыматка ылайык, Honda Fit автоунаасынын 1987-жылы туулган айдоочусу жол эрежесин бузган. Учурда эки транспорт айып короосунда.