7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жоголгон кыз табылып, жакындарына кайтарылды

241

Бишкекте жоголгон кыз жакындарына кайтарылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, белгисиз эркек киши башкармалыкка кайрылып, көчөдөн жоголгон кичинекей кызды тапканын билдирген.

МККБнын кызматкерлери дароо эле кыз менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Кыз өзүнүн жашаган дарегин жана ата-энесинин телефон номерин айта алган эмес, бирок чоң апасынын үйүн көрсөткөнүн билдирген.

Милиция кызматкерлери кыз көрсөткөн даректи тактап, аны чоң апасына жеткиришкен. Кыз тууганына өткөрүлүп берилди, анын өмүрүнө жана ден соолугуна эч кандай коркунуч жок. Жарандын кайдыгер эмес мамилесинин жана МККБ кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин аркасында бала өз үй-бүлөсүнө аман-эсен кайтарылды.

МККБ эскертет:
Эгер жоголгон балдарды же жардамга муктаж адамдарды көргөн учурда, дароо милиция кызматкерлерине кайрылуу же 102 номери аркылуу кабарлоо зарыл.

242