7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасын ишке киргизүү башталды

427

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасын ишке ашыруу долбоорунун алкагында Байтик Баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырак объектилерин модернизациялоо менен таанышты.

Мэр жол чырак объектилерин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, белгиленген мөөнөттө ишти аягына чыгарууну тапшырды. «Акылдуу светофорлордун» өзгөчөлүгү — автомобилдердин агымын автоматтык түрдө эсептейт жана жөнгө салат, электр энергиясы өчкөн учурда иштөө мөөнөтү 4-5 саатка чейин жетет, энергиялык натыйжалуулугу жогору (сутканын убактысына жараша жарыктык деңгээлин автоматтык түрдө жөнгө салынат).

Долбоор буга чейин үч көчөдө — Токомбаев, Байтик Баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүндө башталган.

Белгилей кетсек, биринчи этапта борбор калаанын 21 кесилишине, андан кийин 100 кесилишке датчиктер орнотулат.

Жалпысынан системаны шаар боюнча ишке ашыруу пландаштырылууда – 350гө жакын кесилиштер, аларда унаалардын агымын эсептей турган тиешелүү датчиктер орнотулат.

Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системаларын ишке киргизүү тыгындарды азайтып, жол жүрүү убактысын кыскартып, айдоочуларга жана шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзөт.

428