7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жол кырсыгынан каза тапкан 13 жаштагы баланын ишин министр өз көзөмөлүнө алды

139

Бишкекте жол кырсыгынан каза тапкан 13 жаштагы өспүрүмдүн ишин ички иштер министри өзү көзөмөлгө алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жеке баракчасына жазып чыкты.

“Коомчулукта, айрыкча социалдык тармактарда 13 жаштагы Тимурдун өмүрүн алган трагедиялуу окуя кызуу талкууланып жатканын окуп жатам. Маркумдун апасына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Бул ишти жаап-жашырууга эч кандай аракет болбойт жана болушу да мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары мыйзамдын жана адилеттүүлүктүн принциптеринин чегинде гана иш алып барышат.

Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча иш алып барууда, министр өз көзөмөлүнө алган. Өлүм менен коштолгон бардык кырсыктар тиешелүү органдардын жетекчилеринин көзөмөлүндө болот”, — дейт ал.

Ошондой эле Орунбеков коомчулукту тергөөгө ишенүүгө жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырып, кырсыктын бардык жагдайлары кылдат иликтенип, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопко тартылаарын билдирди.

140