7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусияда мекендешибизге 1 млн рубль компенсация алууга жардам беришти (ВИДЕО)

346

Орусияда өндүрүштүк жаракат алган кыргыз жаранына 1 миллион рубль компенсация төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аталган өлкөдөгү өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, Д.А. аттуу жаран өндүрүштүк жаракат алып, компенсация алуу үчүн өкүлчүлүккө кайрылган. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан «Консалтинг энд Коачинг» ЖЧКсынын жетекчилиги менен зарыл болгон сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, натыйжада Д.А.га 1 миллион рубль өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилген.

“Бул учур Орусиядагы мекендештерибиздин эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча өкүлчүлүктүн эффективдүү ишмердүүлүгүнүн мисалы болуп саналат”, — делет маалыматта.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

 

347