7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Жумамүдүн Шералиевдин 110 жылдык маарекеси белгиленди

110

Бишкекте обон-ыр өнөрүнүн залкары, Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, композитор, акын, журналист жана улуу инсан Жумамүдүн Шералиевдин 110 жылдыгына арналган салтанаттуу концерттик кече өттү.

Министрликтен билдиришкендей,  иш-чарага мамлекет катчы Марат Иманкулов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана Ж.Шералиевдин жакындары катышты.

Мааракенин негизги максаты — кыргыз музыкасынын өнүгүшүнө өлчөөсүз салым кошкон залкар өнөр ээсинин чыгармачылык мурасын даңазалоо жана аны кийинки муундарга жеткирүү болуп саналат.

Жумамүдүн Шералиев кыргыз обонунун жана поэзиясынын тарыхында өчпөс из калтырган инсан. Анын терең мазмундуу чыгармалары, обондорунун элдик образдары жана кайталангыс үнү кыргыз музыкасынын алтын фондуна кирген.

Залкар композитор өзүнүн эмгеги менен кыргыз элдик мурастарын сактап, заманбап өнөр деңгээлине көтөрүп, элдин руханий дүйнөсүн байытууга чоң салым кошкон.

Иш-чаранын алкагында чет элден келген аткаруучуларга Аскаралы Мадаминов министрликтин атынан “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйлады.

Бул иш-чара кыргыз маданиятын урматтоонун, улуттук баалуулуктарды даңазалоонун жана муундар ортосундагы руханий биримдикти чыңдоонун символу катары өттү.

 

111