Бишкек шаарындагы балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунда төрт айлык ымыркайдын өлүмү боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.
8-апрелде С.Н. өзүнүн багып алган төрт айлык ымыркай кызына өздүгүн аныктоочу документин алуу үчүн Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылган учурда, башкармалыктын кызматкерлери ымыркай кыздын өздүгүн аныктоочу документи жок болгондугуна байланыштуу, «102» кайгуул кызматына кабар беришкен.
Октябрь РИИБдин кызматкерлери соцкызматкерлер менен бирге баланын бакубат абалына, жаш курагына, жаңы төрөлгөн баланы өзгөчө кароо зарылдыгы сыяктуу ачык факторлорго карабастан, ошондой эле бала төрт айдан бери белгилүү бир адамдын камкордугунда болгондугун эске алышпастан, С.Н. эркине каршы ымыркайды тартып алышып, жогоруда көрсөтүлгөн реабилитациялоо борборуна тапшырышкан.
12-апрелде реабилитациялоо борборунун медициналык кызматкерлери өздөрүнүн иш милдеттерине шалаакылык мамиле жасагандыгынын кесепетинен ымыркай көз жумган.
Бул факты боюнча, райондук прокуратура тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана Бишкек шаарындагы балдарды реабилитациялоо жана колдоо борборунун жооптуу кызмат адамдарынын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Учурда кылмыш иш боюнча тергөө амалдары УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлүүдө.