7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги Ататүрк паркы өнүктүрүлөт

255

Бишкектеги Ататүрк паркындагы турак жайлар бузулбайт, үй ээлери паркты өнүктүрүүгө акча бермей болушту.

Тийиштүү чечим кабыл алынганын калаа мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, үй ээлеринен жалпы 500 млн сом чогултулат, азыр анын 97 млн сому түшкөн.

“Парктын аянтын 107 гектар деп аныктадык. Конституциялык сот мэриянын чечимин мыйзамдуу деп тапты. Бирок аларга мурун менчик укугу берилип калган, азыр сот иштери уланууда. Эгерде 500 млн сом топтолсо Ататүрк, андан башка да парктарды өнүктүрүүгө жумшалат. Мындан тышкары, мурун курулушка берилип бирок иштер башталбай турган 5,12 гектар жер кайра парктын карамагына кайтарылды”, — деди Жунушалиев.

256