7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги фонтандар бүгүн өчүрүлөт

696

Бүгүн Бишкектеги фонтандар өчүрүлүп, кышка даярдалат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалыматка ылайык, фонтандар өчүрүлгөндөн кийин “Тазалык” ишканасынын жумушчулары бассейндердеги сууну агызып, тазалоо иштерин башташат. Анын ичинде Ала-Тоо аянтындагы фонтан топтору да өчүрүлөт. Кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында подряддык уюм бардык фонтан курулуштарын консервациялоону, анын ичинде сууну агызууну, системаларды тазалоону жана коргоочу конструкцияларды орнотууну жүргүзөт.

“Бул чаралар жабдуулардын жана инфраструктуранын коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле кийинки сезондо алардын үзгүлтүксүз иштешине багытталган”, — деп белгилешти мэриядан.

 

697