Милиция тарабынан уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-мартта милицияга жаран арыз менен кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 17:30 чамасында Темирязев көчөсүндө жайгашкан мейманканадан «Ясин» үлгүсүндөгү телевизор уурдап кеткен жаранга чара көрүүнү суранган. Келтирилген зыян 20 миң сом деп эсептелген.
Аталган факты Ленин РИИБге катталып, Жазык кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1994-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Ленин райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралып, СИЗО-1ге 1 айга камакка алынган.