Милицияга депутат Жаныбек Абировдун үстүнөн арыз жазылды. Бул тууралуу 7-каналга Октябрь РИИБден билдиришти.
Милициянын маалыматына караганда, Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, 12-мартта саат 3:30 чамасында ага белгисиз адам кол салып, ур-токмокко алганын айткан. Жабырлануучу Улуттук госпиталга медициналык жардам сурап кайрылып, ага «баш сөөктүн жабык травмасы» деген диагноз коюлган.
Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Милициядан мушташтын бардык катышуучулары аныкталып, тергөө иштери улантылып жатканын кабарлашты.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Мушташка катышкандардын бирин депутат Жаныбек Абиров деп таанышып, айрым маалыматтар боюнча, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткен.