7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар боюнча кылмыш иши козголду

363

Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Жүргүзүлгөн текшерүүдө “Бишкекбашкыархитектура” мекемесинин жооптуу кызматкерлери кызмат абалын жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланышып, коммерциялык уюмдардын кызыкчылыгын көздөп, Чүй, Москва, Тоголок Молдо жана Н.Исанов көчөлөрүндөгү кварталдын курулуш долбоорун мыйзам талаптарын одоно бузуу менен иштеп чыгышкан.

Мындан сырткары, Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары жана анын кол алдында иштеген кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, кварталдын курулуш долбоору боюнча Коенкозов көчөсүндөгү 48 жана 48А дарегиндеги жер тилке коомдук имарат куруу үчүн аныкталгандыгына карабастан, «С.С.» ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөп, көп кабаттуу үй курууга мыйзамсыз архитектуралык уруксат беришкен.

Аталган фактылардын негизинде прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

364