7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги стадиондун жаңы кичи аренасынын курулушу кызуу жүрүүдө

577

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жаңы кичи аренасынын курулушу кызуу жүрүүдө.

Эске салсак, буга чейин ордо калаа жетекчилиги кичи аренанын курулушу 31-августка карата бүтө турганын билдирген. Арена 3 миң көрүүчүнү батыра алары жана кичи футбол, баскетбол жана хоккей ойноого мүмкүнчүлүк берери айтылган.

Аталган обьектинин курулушунун жүрүшүн Президент Садыр Жапаров башка курулуш иштерин кароонун алкагында апрелдин соңунда пландан тышкары барып көрүп кеткен.

Өлкө аймагындагы курулуштардын жүрүшү боюнча маалымат туруктуу негизде Мамлекет башчысына берилип турат.

578