Бишкектеги №4 төрөт үйүндө кесарево жолу менен төрөгөн 29 жаштагы келин төрөттөн көз жумду. Бул тууралуу 7-каналга Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка караганда, 5-февраль күнү эртең менен келинге операция жасалган. Ал операция учурунда каза болгон.
«Бул анын үчүнчү кош бойлуулугу жана үчүнчү төрөтү болгон. Учурда ымыркайдын абалы оор. Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүүдө»,- деп айтылат билдирүүдө.