7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги Юнусалиев көчөсү түндүктү көздөй узартылат

118

Бишкек шаарындагы Юнусалиев көчөсү быйыл түндүктү көздөй узартылат. Бул тууралуу вице-мэри Рамиз Алиев парламентте билдирди.

Анын айтымында, УКМК Горький көчөсүндө талаш болуп жаткан жер маселесин чечип берген. Алгач жол Кулатов көчөсүнө чейин узартылат, аны быйыл бүтүрүү пландалууда. Азыр Юнусалиев көчөсү Горькийге барып такалат. Тармактык комитет Бишкек жана Ош шаарларында жол тыгындарын азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат укту. Алиев депутаттарга жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жаатында аткарылып жаткан иштерди айтып берди. Ал Бишкек мэриясы коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелерди бөлүү иштерин улантарын, автобустарга артыкчылык берилиши керектигин белгиледи.
«Эки жумадан кийин муниципалитет тилкелерди чийип баштайт. Унаалар азайышы үчүн каникул мезгилин күтүп жатабыз», — деди Алиев.
Вице-мэр калаадагы Абдрахманов, Токомбаев жана Ахунбаев көчөлөрүндөгү өзүнчө тилкелер пилоттук долбоор болгонун кошумчалады.
119