Бишкекте кыз ала качууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-ноябрь күнү милицияга кыз киши кайрылып, ошол эле күнү саат 15:00 чамасында «С» жана «Ж» аттуу адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда, аталган жарандар Арча-Бешикте «Volkswagen Passat» унаасына салып, Токмокко алып кетишкен.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (Никелешүү максатында адамды ала качуу) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр аныкталган.
Кылмышка шектелип С.С., аттуу 2002-жылы туулган жигит жана 1998-жылы туулган К.Ж., атту жарандар кармалып, камакка алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.