Кечээ, 25-ноябрда Бишкек шаарында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон бир туугандар Жалал-Абаддан табылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар 11 жаштагы Даткайым Салижанова жана 8 жаштагы Барсбек Салижанов.
«25-ноябрда К.Д. аттуу жаран саат 10:20да Бишкек шаарынын 6-кичи районунда жайгашкан үйүнөн сейилдөөгө чыгып кеткен эки баласынын жоголгондугу тууралуу арыз менен кайрылган. Ыкчам иликтөө иш-чаралары башталып, саат 1:40та балдардын атасына тууганы байланышка чыгып, жоголгон балдар ден-соолукта жана алар Жалал-Абадда экендигин кабарлаган», – деп берилет маалыматта.
Балдар Жалал-Абаддагы чоң ата, чоң энесиникине кетип калышкан.