7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте мыйзамсыз төрт диний балдар лагеринин ишмердүүлүгү токтотулду

289

УКМК Бишкек шаарынын аймагында белгиленген тартипти бузуу менен уюштурулган төрт диний балдар лагеринин ишмердигин аныктап, бөгөт койду.

Тактап айтканда, жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында диний балдар лагерлери табылып, анда 120 бала (6-17 жаштагы балдар жана кыздар) окуудан өтүшкөн. Ошол эле учурда аталган мекемелер өз ишмердүүлүгүн КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында каттоосуз жүргүзүшкөн.

Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө балдардын билим берүү жана эс алуу жайларында санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы, алардын тамактануусун уюштуруу, билим берүү программаларынын иш жүзүндө жоктугу ж.б.у.с. одоно мыйзам бузуулар аныкталган. Мындан тышкары, балдарды дин маселелери боюнча жетиштүү билимге ээ болбогон жаштар окутушкан.

Учурда иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында аталган мекеменин уюштуруучуларынын жана алардын ишине оозеки уруксат берген мекемелердин жана казыяттардын ишмердүүлүгүнө юридикалык баа берилет. Учурда жогоруда аталган диний лагерлердин ишмердүүлүгү токтотулду.

Маалымдама: «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 4-пунктуна ылайык, балдарды диний уюмдарга тартууга жол берилбейт.

УКМК ата-энелерге балдарын ар кандай диний мекемелерге, анын ичинде балдардын диний лагерлерине берээрден мурун, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, диний объекттин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштешинин мыйзамдуулугун текшерүү зарыл экенин эскертет.

 

 

290