7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө киргизилген чектөө узартылды

570

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү 31-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук администрациясынан кабарлашты.

Жогорку Кеңештин, Россия элчилигинин имараттарынын жанында, «Ала-Тоо» аянтында, президенттин администрациясынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында тынч чогулуштарды жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салынган.

Бул чектөөлөр 2024-жылдын 1-январынан 31-мартына чейин узартылды.

Эми бардык чогулуштар, митингдер Рыскулов жана Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги М.Горький атындагы скверде өткөрүлөт.

«Мүмкүн болгон массалык баш аламандыктарды болтурбоо жана бөгөт коюу максатында, ошондой эле «Тынч чогулуштар жөнүндө» КР мыйзамын жетекчиликке алуу менен Биринчи май районунун акимчилиги митинг өткөрүү жерлерин чектөөнү убактылуу узартуу арызы менен райондук сотко кайрылган. Биринчи май райондук соту акимчиликтин чечимин мыйзамдуу деп тапты»,- деп берилет билдирүүдө.

 

571