Бишкек шаарынын чок ортосунан тез чара көрүү тобунун кызматкери ок чыгарган. Ал кармалып, Ленин райондук Ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Бул тууралуу маалыматты Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 24-ноябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган кызматкер 2002-жылы төрөлгөн жаран. Ал эч кандай себепсиз шаар ортосунда ок чыгарган.
Жарыяланган маалыматка караганда, бул окуя өткөн жумада Чүй проспектиси менен К. Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Видеодо көрүнүп тургандай, курал алып турган жаш бала ГБРдин кызматкери болгон. Анын жанындагы жаран курал менен ок атууга үндөгөндө асманга ок чыгарган.
Учурда 121-берене боюнча, тактап айтканда, «Калктуу пункта ок атуучу куралдан ок чыгаруу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.