7-8-декабрь күндөрү «Тазалык» муниципалдык ишканасы борбор калаанын жолдорун кардан тазалоо иштерин жүргүздү.
Тазалоо иштерине төмөнкү техникалар тартылды:
- жолдорго туз себүү үчүн атайын туз чачкан 22 даана техникасы;
- 2 даана жүктөгүч;
- тротуарларды кардан тазалоо үчүн 23 даана трактор (Беларусь);
- 4 даана Бобкат;
- 1 даана кар тазалоочу техника;
- 3 даана карды сүргөн ХОВО;
- 2 даана кар ташыган МАЗ;
- 10 даана ЗИЛ, ГАЗ-53.
Мындан тышкары, аялдамаларга 90го жакын туз салган челектер коюлду. Болжол менен 140-150 көчөгө туз чачылып, жалпысынан 323 тонна туз колдонулду.