7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин конуштары үчүн жаңы автобустар сатып алынат

350

Бишкек мэриясы конуштар үчүн 625 даана чакан көлөмдөгү автобус сатып алууну пландап жатат. Zhong Tong жана Yutong үлгүсүндөгү эки автобустун жаңы түрлөрү сыноодон өткөрүлдү.

Zhong Tong үлгүсүндөгү автобус газ мотордук күйүүчү май менен иштейт, ал эми Yutong маркасындагысы электр энергиясы менен жүрөт. Узундугу 890 см болгон бул автобустар төмөн полдуу болуп, кондиционер системалары менен жабдылган жана майыптыгы бар жарандар үчүн ыңгайлаштырылган. Сыноонун жыйынтыгы менен жеткирүүчүлөрдү тандоо жана сатып алынуучу транспорттун техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча акыркы чечим кабыл алынат.

Ошондой эле, Бишкекке кошумча дагы бир катар автобустардын түрлөрү кеңири салыштырма талдоо жүргүзүү үчүн алып келинери күтүлүүдө. Алар негизинен көчөлөрү тар конуштарда кызмат көрсөтүү үчүн пайдаланылат.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

351