7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин Октябрь РИИБинин жетекчисинин орун басары Бегайым Турапова кармалды

1457

Бишкектин Октябрь РИИБинин жетекчисинин орун басары Бегайым Турапова кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратранын басма сөз кызматы тастыктады.

Тастыктамага ылайык, Аскердик прокуратура Бегайым Турапованы 18-ноябрда камакка алган. Ал алдамчылыкка шектелген Асыл Талипованын иши боюнча кармалган.

Буга чейин бул иш боюнча Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Уланбек Аалиев кармалып, 2 айга УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Ошондой эле, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Талгат Кубатбеков жана тергөөчүлөр кармалган.
Көзөмөл органынын айтымында, алар кыйноо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана пара талап кылуу боюнча шектелүүдө.

Белгилей кетсек, 1-октябрда жактоочу Канат Хасанов Бишкек ШИИББинин алдына митингге чыгып, анда «алдамчылык» фактысы менен кармалган 6 балалуу 41 жаштагы аялдын СИЗО-1ге камалганына нааразычылыгын билдирген. Анда жактоочу бул ишке Октябрь РИИБинин кызматкерлери дагы аралашканын айтып чыккан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1458