“Бишкекжылуулукэнерго” ишканасы “Газпром Кыргызстан” ишканасына дээрлик 350 миллион сом карыз. Бул тууралуу БГКнын жыйынында борбор калаанын вице-мэри Мирлан Байгончоков билдирди.
Белгилей кетсек, муниципалитет шаардык кеңештен республикалык бюджеттен 150 миллион сом насыя алууга макулдук берүүнү суранууда. Ал эми шаардык бюджетке болжол менен ушундай эле сумма киргизилген.
«Ошондо биздин дагы 35-40 миллион сомдун тегерегинде карызыбыз калат», — деди ал.
Муниципалдык ишкананын жетекчиси Азамат Оморов «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы газга жылына орточо эсеп менен 450-500 миллион сомдун тегерегинде төлөрүн билдирди. Гигакалориянын негизги баасы 5 миң 433 сомду түзсө, калк тариф боюнча 1 миң 134 сом төлөйт, ал эми ортодогу айырма 4 миң сомду түзсө, ал бюджеттен каржыланат.
Депутаттар ишкананын мамлекет тарабынан берилген ыйгарым укуктары бар экенин баса белгилешти. Ошондой эле депутат Асылбек Акылбеков буга карата: “Биз насыяларды эмес, максаттуу трансферттерди алышыбыз керек. Эмне үчүн бул маселени карап чыккан жоксуңар. Бишкектин өнүктүрүүгө жумшала турчу бюджети жок”, — деп жооп берди.
Мирлан Байгончоков мындай ыйгарым укуктар саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарында да бар деп жооп берди.
«Биз министрлер кабинетине да, президенттин аппаратына да бир нече жолу кайрылдык, бирок маселе чечиле элек. Эгерде бул чыгымдарды бюджеттен жаппасак, анда абал начарлайт. Ошол эле “Газпром” газ берүүнү токтотушу мүмкүн”, — дейт ал.
Белгилей кетсек, «Бишкекжылуулукэнергонун» балансында 66 откана болсо, анын 23ү газ менен иштейт.