Илим Карыпбеков социалдык тармактарда 4 пансионат тууралуу ага көп суроолор түшүп жаткандыгын айтып, катталуучуларына жооп берди.
“ Абдан көп адам берилип жаткан 4 пансионат тууралуу менден сурашыптыр. Бул коомчулукка эмес, өзүмүн катталуучуларыма жеке ой-пикиримди айтып жатам. Пансионаттарды 4 жылга берилет деген маселе каралып, Жогорку Кеңеште жакталып, кийин президент кол койсо керек.
Өзүңүздөр билгендей бир убакта аэропортто директор болуп иштечүмүн. Ошондо аэропортту тышкы башкарууга бериш керек деп көзүм жетти эле. Анткени Мамлекеттик ишкана толук кандуу потанциалын 100% чыгарып иштей албайт экен, анткени бизде тууганчылык, коррупция. Басып алган тааныштар,сырттан келип киргени чанда кездешет. Бүт өнүккөн мамлекеттерде аэропортторду тышкы башкарууга берип, инвесторлорду тартып келип, шарттарды коюп иштетет.Ошондо коррупция болбойт. Бул идеяны мен көтөрүп чыкканда мени саткын дешкен. Мени басып коюшкан. Өкмөт ошондо эл быша элек экен деген. Бул маселе жыл сайын көтөрүлүп чыгат.
4 пансионат боюнча өз учурунда Алмазбек Шаршенович кайтарып алган. Бирок ага чейин, Рухат деген пансионат эң сонун эле. Тартып алганда эл колдогон. Эмне болду ошол 4 пансионат? Ити чыгып кеткен. Барып карап көрсөңөр мышыгыңар ыйлайт. Азыр сүйлөшүп 4 пансионатты бердик десе , ыйлап, куру намыс, куру патриот болуп өкүрүнүп чыгып жатабыз.
Биз шордуу эл болдук. Же өзүбүз кыйратпайбыз же башкага иштеткени бербейбиз. Ит эле болуп жатабыз.
Дүйнө жүзү боюнча тышкы башкарууга берип,мамлекеттер өнүгүп жатышат. Өзбекстан көтөрүп кетип жатабы? Өзүлөрүнүн акчасына оңдосун, салсын биздин шарттар менен иштетет! Бийликти биз шайладык, мыйзамды сыйлайлы! Өзүбүздүн адамдар отуруп алып итин чыгарып,канын соргон жакшыбы? же сырттан адамдар келип миллиондогон акчаларды салып, пайдасын келтирип , өлкөгө салым кошкон жакшыбы? Ошону ойлонуп көргүлө”,-деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram