Социалдык тармактарда белгилүү блогер Арген Асанов «Ала-Тоо» аянтында милиция тарабынан кармалганы айтылууда. Бул тууралуу видео тарады.
Маалыматка ылайык, алар гив ойнотуп жатышкан. Кечээ, 26-августта саат 18:00гө «Ала-Тоо» аянтында оюн уюштуруларын баракчасынан билдиришкен. Анда 100 миң сом таратылмак, бирок көп адам чогулуп, ызы-чуу болуп кеткендиктен акча таратылган эмес.
Видеодон милиционерлер блогерди унаасына салып жатканын көрүүгө болот.
Бул окуя боюнча милиция маалымат бере элек.
Посмотреть эту публикацию в Instagram