7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бокс боюнча чемпион Дмитрий Бивол Нурланбек Шакиевге бокс мээлейин белек кылды

514

27-февралда Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев депутат Шайлообек Атазовдун байгесине арналган бокс боюнча эл аралык таймаштын ачылышына катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн төрага депутат тарабынан демилгеленип, өткөрүлүп жаткан мелдешке жогору баасын берип, “Акыркы жылдары спортко өзгөчө көңүл бурулуп, кыргыздын улан-кыздары эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды багындырышууда. Бул мамлекетибиз үчүн чоң олжо, элибиз үчүн сыймык. Андыктан бүгүнкү өткөрүлүп жаткан иш-чара дагы өлкөлөр ортосундагы достукту арттырып, спортко кызыккан жаштардын көбөйүшүнө өбөлгө түзөт деген ишеничтемин”, – деди. 

Муну менен катар Жогорку Кеңештин атынан ар бир катышуучуга ийгиликтерди каалаган төрага, “Мелдеште күчтүүнүн күчтүүсү жеңсин”, – деген тилегин билдирди.

Аземдин алкагында Шакиев спорт жаатындагы жетишкендиктери жана жигердүү коомдук ишмердүүлүгү үчүн бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону Дмитрий Биволго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

Өз кезегинде Дмитрий Бивол мелдештин уюштуруучуларына жана тапшырылган сыйлыкка ыраазычылыгын айтып, кол тамгасы түшүрүлгөн бокс мээлейин Жогорку Кеңештин төрагасы менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго белек кылды.  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

515