7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Болот Дыйканбаев: Рест пойнттор менен башка эс алуучу жайлар эң биринчи кезекте жергиликтүү эл үчүн

724

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-президенти Болот Дыйканбаев: Туризм тармагында азыр көптөгөн долбоорлор даярдалып, ишке киргизилип жатат, мисалга, жети облустун ар биринде конок үйлөрүн жана «рест пойнт» деп аталган жолоочулар үчүн эс алуучу жайларды тургузуп жатабыз. Ысык-Көл облусунун 5-6 жерине «рест пойнттор» салынды. Андан тышкары, быйыл Чаткал районунда лыжа базасын куруу долбоорунун үстүндө иштеп жатабыз.

Караколдун айланасында курула турган «Үч чоку» деген ири долбоорду иштеп чыкканбыз, инвесторлор келе баштады. Бишкектин жанында Baytik Mountain Resort деген долбоорубузду ишке ашырууга инвесторлор бел байлап калды. Баткенде дагы чоң долбоорлорду даярдоого тапшырмалар бар. Бул конок үйлөрү жана эс алуучу жайлар жалаң эле чет өлкөдөн келген конок-туристтер үчүн эмес, эң биринчи кезекте Кыргызстандын өзүнүн тургундары, жергиликтүү эл үчүн жасалып жатат…

725