УКМК тарабынан Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринде боло турган теракттар тууралуу атайылап жалган билдирүүлөрдү жөнөтүүгө катышкан жарандар аныкталып, кармалышты.
Кармалган жарандар борбор калаадагы №33- мектеп-гимназиясынын 9-классынын үч окуучусу бейбаштык максатында аталган окуу жайдын электрондук дарегине жалган билдирүүлөрдү таратышкан.
Окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында тартип бузгандар фейк аккаунттарды колдонуп, мектептин электрондук дарегине бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн. Аталган мектеп окуучулары ата-энелеринин көзүнчө жасаган кылмыштарын моюнга алышкан. Учурда бул өспүрүмдөрдүн Бишкектеги жардыруулар боюнча анонимдүү маалыматтар боюнча башка ушул сыяктуу иштерге катыштыгы болгону тууралуу такталууда.
Буга байланыштуу, УКМК кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн ата-энелерге балдары менен маал-маалы менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштайт.