7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Боо менен муунтуп… Ысык-Атада изделип жаткан кыздын сөөгү табылды

252

Дайынсыз жоголгон кызды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун милиция кызматкерлери кабарлады.

19-февралда аял милицияга кайрылган. Анда, 22 жаштагы кызы О.З. 18-февраль күнү үйдөн чыккан боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө ошол түнү О.З менен А.Р. мектептин аймагынан жолуккандыгы аныкталган. Алардын ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен аталган жаран кыздын денесине залал келтирип, бут кийиминин боосу менен муунтуп, натыйжада кыз ошол жерден каза болгон. Ал жасаган кылмышын жашыруу үчүн сөөктү талаага алып барып, көмүп койгон.

Кылмыш иши козголуп, шектүү катары 2004-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.

253