7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Боомдо беш күн таш түшүрүлүп, кыймыл жарым-жартылай чектелет

14

26-30-октябрь күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумуштар күн сайын саат 09:00дөн 15:00гө чейин аткарылат. Бул убакта жол жарым-жартылай жабылып, унаалар бир тилке менен кезектешип өткөрүлөт.

Эгер каттамда 30-40тан ашык унаа топтолуп калса, таш кулатуу иштери убактылуу токтотулуп турат.

Айдоочуларга каттамдарын алдын ала пландаштырып, жолдогу убактылуу чектөөлөрдү эске алуу сунушталат.

15