7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Борбор Азия лидерлеринин жубайларынын жолугушуусу жылуу маанайда өттү

1020

Биринчи айым Айгүл Жапарова КЭР Төрагасынын жубайы Пэн Лиюань жана Өзбекстандын Президентинин жубайы Зироатхон Хошимова менен биргеликте Сиань шаарындагы «Ису» (Шэньси операсы) театрына барды.

Мамлекет башчыларынын коштоосунда барган Кыргызстандын жана Өзбекстандын биринчи айымдарына Кытайга мамлекеттик сапардын алкагында маданий программа уюштурулган.

Театрда кытайдын салттуу искусствосунун ар кыл түрү бар, анын ичинде опера, салттуу бийлер, ырдоо жана кытай музыкалык аспаптарында ойноо.

Бул театр Сиянда элдер эң көп барган таанымал маданий жайлардын бири.

Биринчи айымдар Айгүл Жапарова, Пэн Лиюань жана Зироатхон Хошимованын жолугушуусу жылуу жана достук маанайда өттү.

Жогорку даражалуу меймандар чоң кызыгуу менен театрдын экспозициясы менен таанышып, куурчак театрынын, ошондой эле балдар бий топторунун чыгармачылыгын көрүштү.

Ошол эле жерде Айгүл Жапарова Кытайдын жана Өзбекстандын биринчи айымдары менен биргеликте Цинь операсынын үзүндүсүн көрдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1021