7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 1-апрелден тарта бардык класстын окуучулары мектепке барып окуй баштайт

574

 

Борбор калаада 1-апрелден тарта бардык класстын окуучулары мектепке барып-келип окуй баштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артём Новиков кеңешмеде айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Новиков 9-марттан тарта 2, 3, 4-класстын окуучулары офлайн режимге өтөрүн эске салып, апрелден тарта окуучулар толугу менен кадимки тартипте окуй баштаарын айтты.

«Мында 2021-жылдын 1-сентябрына чейин ата-энелерден бирдиктүү форма талап кылынбайт. Окуу процессин жандантууга тиешелүү даярдык көрүү Билим берүү жана илим министрлигине, жергиликтүү бийлик органдарына, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлөт. Мындан тышкары, «мектеп медицинасы» ишке кирип, ар бир окуучуга ден соолугунун абалын каттаган карта ачылат», — деди Новиков.
Белгилей кетсек, ушу тапта 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары гана мектепке барып-келип окуп жатышат.

575