7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
14°C

Борбор калаада айыл чарба кызматкерлери 4 миң доллар пара менен кармалышты

295

Айыл чарба министрлигинен караштуу Жер-суу көзөмөл кызматынын Чүй-Бишкек аймактар аралык башкармалыгынын жетекчилери пара менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-августта ИИМдин Тергөө кызматына О.С. атуу жаран кайрылып, Айыл чарба министрлигине караштуу жер-суу көзөмөл кызматынын Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын жетекчилери опузалоо менен маселени оң жагына чечүү үчүн акча талап кылып жатканын билдирген.

Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, кылмыштырдын бирдиктүү рэестирине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ошентип, кечээ, 11-августта ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Разаков-Киев көчөлөрүнүн кесилишинен 4 миң доллары өлчөмүндө акча каражаты алынып жаткан жеринен Чүй-Бишкек региондор аралык жер суукөзөмөл кызматынын башкармалыгынын башчысы Д.Р жана бөлүм башчысы М.Ш. кармалган.

Учурда тергөө уланууда жана бул кылмышка тиешеси бар башка адамдар боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

296