Борбордук аянтка бийиктиги 100 метр болгон жаңы туу көтөрүлдү. Жаңы желекти көтөрүү иш-чарасына Садыр Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү катышып, гимн жаңырды.
Туунун узундугу Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесинин алкагында 100 метр, ал эми желектин эни Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына байланыштуу 33 метр болгон.