7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
21°C

Бостеридеги 23 жаштагы жигиттин өлүмү. Шектүүлөр кармалды

262

6-августта Бостери айылынын аймагында жайгашкан “Алтын-Кум” пансионатынын көл жээгинде каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Буга чейин,Талас облусунун 23 жаштагы тургуну А.Б. өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин ар тараптуу жана объективдүү териштирүү максатында тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн болчу. Окуяны, Мамлекет башчысы Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алып, укук коргоо органдарына ар тараптуу жана объективдүү тергөө жүргүзүүнү тапшырган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшү КР ИИМдин жана Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө дайыма болуп, ар бир аткарылган иштер боюнча маалыматтар күндө угулуп келген.

8-август күнү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан аталган окуя боюнча чогулган маалыматтардын негизинде, бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 122 – беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Түзүлгөн атайын тергөө-ыкчам тобу тарабынан каза болгон жарандын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн көлөмдүү иликтөө иштери турмушка ашырылып, кошумча күбөлөр аныкталып, алар менен сурамжылоо иштери жүргүзүлгөн. Талас облусунун 23 жаштагы А.Бнын. өлүмүнүн себебин аныктоо максатында кошумча соттук-медициналык жана соттук — химиялык экспертизалар дайындалган.

Андан тышкары, тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө 100дөн ашык жарандар суралып, анын ичинен 44 күбө окуя боюнча көргөзмөлөрүн беришкен. Алардын берген көргөзмөлөрү боюнча тыкыр иликтөө иштери жүрүп, убактылары менен териштирүү жана салыштыруу иштери колго алынган. Натыйжада, күбө катары суракка алынган жарандардын айрымдары жалган көрсөтмө беришкендиктен, учурда алардын аракеттерине укуктук баа берилүүдө.

Ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү жарандар аныкталып, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алар, мурда соттолгон Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну Б.Б., Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургундары 28 жаштагы Ж.Р. жана А.У., ошондой эле 29-жаштагы Э.А. болуп чыгышты.

Кармалган жарандар убактылуу-кармоочу жайга киргизилип, Ысык-Көл райондук соттун чечими менен шектүү жарандарга карата тергөө амалдарын өткөрүү мезгилинде 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

263