7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Brand House” курулуш компаниясынын башкы директору алдамчылыкка шектелип кармалды

178

Милиция кызматкерлери курулуш компаниясы Brand Houseтун башкы директору Нурлан Эшбаевди алдамчылыкка шектелип кармашты. Бул тууралуу маалымат Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБинин басма сөз кызматынан берилди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 25-июнунда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө КРнын Башкы прокуроруна жолдонгон үлүшчүлөрдүн жамааттык кайрылуусу келип түшкөн.

Кайрылууда үлүшчүлөр Куйручук көчөсүндө жайгашкан турак жай комплекси боюнча ОсОО «Хан-Строй» компаниясынын жетекчилигине, анын ичинде башкы директору Нурлан Эшбаевге жана башка адамдарга чара көрүүнү суранышкан.

Аныкталгандай, курулуш компаниясынын жетекчилиги 2021–2024-жылдары көп батирлүү «И.» турак жай комплексин куруу үчүн үлүшчүлөрдү тарткан, бирок Мамархитектурадан тиешелүү уруксат документтери болбогон. Ошол эле учурда алар үлүшчүлөрдөн ири суммадагы акча алышып, үйдү белгиленген мөөнөттө бүтүрбөй, каражатты башка максаттарга пайдаланган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 38 жаштагы Нурлан Эшбаев кармалып, камакка алынды. Тергөөнүн жүрүшү уланууда.

Милиция Нурлан Эшбаевдин же аталган курулуш компаниясынын аракеттеринен жабыркаган болушу мүмкүн болгон жарандарды төмөнкү телефондор аркылуу кабарлоону суранат: 0 (553) 21-20-23, 0 (555) 96-61-12 жана 102.

179