Британиялык “Hertfordshire Press” басылмасы кыргызстандык акын Бүбайша Арстанбекованын Курманжан датка жөнүндө жазган поэмасын англис тилинде жарыялады. Бул тууралуу басылма маалымдайт.
Маалыматка ылайык, поэма “Queen Kurmanjan of the Mountains” аталышында жарык көргөн жана ал бизче “Курманжан тоо ханышасы” деп которулат. Ошондой эле акын тарыхый инсандын басып өткөн жолун — улут, үрп-адат, салт-санаа, каада-салт аркылуу чагылдырган.
“Китеп эң негизгиси идеяны ачык айтып, ар бир аял өзүнүн өлкөсүнүн өнүгүүсү үчүн салым кошуп, улуу инсанды жаратууга татыктуу экендигин баса белгилеген. Поэманын бирден-бир максаты – кыздар менен аялдарга шык берүү болгон”, — деп жазылат макалада.
Бүбайша Арстанбекова бул чыгармасын 9 жылга жакын убакытта жазып бүткөн. Анын айтымында, өзүнүн элин коргоп, элдин тынчтыгы үчүн уулун курман кылган улуу инсан тууралуу поэма жазуу оңойго турган эмес. Автор аны “кыргаз энеси” деп атаган. Андыктан китеп бир гана Кыргызстанда эмес, чет өлкөлөрдө да атактуулукка жеткен.
“Queen Kurmanjan of the Mountains” китебинин бет ачаары декабрь айында Ташкентте мерчемделип жаткан “Open Eurasian Literary Festival & Book Forum” аталышындагы иш-чаранын алкагында өтөт.