7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тыюу салынган электрондук тамекилерди саткан жай аныкталды

338
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө тыюу салынган никотин жеткирүүчү электрондук буюмдарды саткан соода жайын аныкташты.
Аталган соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы турак үйдүн жер төлөсүндө жайгашкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө соода жайынын ишмердүүлүгүн Э.Д.Ж. аттуу жаран уюштуруп, жетектеп келгендиги белгилүү болду. Продукциялар алдын ала түзүлгөн жеткирүү схемасы аркылуу, курьердик кызматтардын жана такси кызматтарынын жардамы менен сатылып турган.
Жыйынтыгында укук коргоо органдарына өткөрүп берүү үчүн жалпы суммасы 3 миллион сомдон ашык болгон 3 миң даанадан көп тыюу салынган никотин камтыган продукциялар убактылуу тартып алынды.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

339