№ 13 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалым болгондой, жалпысынан 25 талапкер катталды (эркектер — 15, аялдар — 10).
Катталган талапкерлер бюджетке 7 млн сом шайлоо төгүмүн төлөштү. Жалпысынан шайлоого катышуу ниетин 31 жаран билдирген. Алардын ичинен 5 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты, 1 талапкерди БШК каттоодон баш тартты.
Эске салсак, кайра шайлоо 1-мартта өтөт.



