7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК Дамира Ниязалиеванын шайлоодогу жеңишин жокко чыгарды

905

БШК Ленин району боюнча депутаттыкка талапкер Дамира Ниязалиеваны каттоону жокко чыгарып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

Комиссиянын жыйынында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков сөз сүйлөп, талапкердин добуштарды сатып алуу фактылары тастыкталганын билдирди. Борбордук ички иштер башкармалыгы Дамира Ниязалиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча БШКга кайрылуу жолдоду.

Жыйындын жыйынтыгында БШК мүчөлөрү депутаттыкка талапкерНиязалиеваны каттоону жокко чыгарып, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине тартууга макул болушту.

Автоматташтырылган башкаруу системасынын жана кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча Дамира Ниязалиева 35,83% добуш менен алдыга чыккан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

906