Бүгүн, 2-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечим кабыл алды.
Маалыматка ылайык, Эмил Жамгырчиев мандатын тапшыруу боюнча өзү арыз жазган.
Учурда Эмилбек Жамгырчиев УКМКнын тергөө абагында.
Эске сала кетсек, депутат кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталууда.