7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК депутаттарга төш белгилерди 17-декабрда тапшырат

108

Жогорку Кеңештин катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилер 17-декабрда тапшырылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 12-декабрда 29 көп мандаттуу округдан 87 шайланган депутаттарды каттоо жөнүндө токтом кабыл алынган.

№13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жокко чыгарылган болчу.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого
589 жаран талапкер болуп көрсөтүлүп, 63 жаран арызын кайтарып алса, 56 жаранга каттоодон өтүүгө баш тартуу чечими кабыл алынып, 10 талапкердин каттоосу жокко чыгарылды.

Шайлоого жалпы 460 талапкер катышкан, алардын 271 — эркек, 189 — аял талапкер, майыптыгы бар — 16 талапкер.

БШК VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңеште “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөндөй, гендердик квота сакталды деп белгиледи.

109