7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК үгүт эрежелерин бузган бир катар жаранга айып пул салды

160

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия кезексиз парламенттик шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт мыйзамдарынын бузулушу боюнча маселени иликтеди.

Мекеменин маалыматына караганда, жумушчу топ социалдык тармактарга жана маалымат агенттиктеринин сайттарына мониторинг жүргүзүү учурунда шайлоо өнөктүгүнүн эрежелерин бузуу белгилерин көрсөткөн басылмаларды аныктаган.

Эскерте кетсек, “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоонун мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 24 саат калганда аяктайт.

Жумушчу топ Борбордук шайлоо комиссиясына Айбек Теңизбай, Мирлан Дүйшөнбаев, Нургазы Анаркулов, Карим Ханджеза жана Канат Хасановду шайлоо алдындагы үгүт иштеринин шарттарын бузгандыгы үчүн Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчиликке тартууну сунуштады.

Жыйынтыгында 65-берененин негизинде шайлоо өнөктүгүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн Бакмурат Токтогуловго 7500 жана 12000 сомдон, Айбек Теңизбайга, Мирлан Дүйшөнбаевге, Нургазы Анаркуловго, Карим Ханджезага жана Канат Хасановго 7500 сомдон айып салуу чечими кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталып, добуш берүүгө бир күн калганда, 29-ноябрда саат 8:00дө аяктайт, сырттан добуш берүүгө арыздар 28-ноябрга чейин кабыл алынат.

Шайлоонун жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгарылып, расмий жарыяланат.

161